Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДА КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилдин эрежелерине шайкеш келбеген жана уруксаты жок илинген көрнөк-жарнактарга тыюу салынат жана ээлерине карата тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн шаарда өткөн рейд учурунда шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, шаардык мэриянын аткаруу комитетинин 2017-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык, муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жалпы ишмердүүлүгүн кароонун алкагында шаар аймагындагы калкты социалдык жактан тейлөөчү мамлекеттик жана жеке менчик кызмат көрсөтүүчү жайлардагы илинген көрнөк-жарнактардын коюлган талаптарга ылайык келүүсү, андагы мамлекеттик тилдин нормаларынын сакталышы каралууда.

Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жарнак жана дизайн бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Чыңгыз Мурзалиевдин айтымында, талаптарды сактоо үчүн аракеттер болуп жатат. Адегенде сунуш менен келген жеке же юридикалык жактарга жарнак илүүдөгү эрежелер боюнча толук түшүндүрмөлөр берилет. Алар тарабынан берилген жарнакта жазылган тексттер шаар мэриясынын тил комиссиясынын берген уруксаты менен гана илинет.

-Шаар аймагында көрнөк-жарнактарды илүүдө эрежелер сакталбаган учурлар да кездешет. Аларга алгач бир нече жолу эскертүүлөр берилет. Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан аларга карата мыйзам ченемдүү эч кандай административдүү айыптар каралган эмес. Ошондуктан мындай бузулган эрежелер боюнча маселелерди толугу менен областтык монополияга каршы күрөшүү мекемесине өткөрүп беребиз дейт, — Ч. Мурзалиев.

«Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...