Акыркы макалалар

ТАШ-КӨМҮРДӨ КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН КӨЙГӨЙҮ КУРЧ

ТАШ-КӨМҮРДӨ КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН КӨЙГӨЙҮ КУРЧ

Көп кабаттуу үйлөрдүн төртүнчү, бешинчи кабаттары таштанды таштоочу жайга айланып калган. Көпчүлүгү союз мезгилинен кийин менчиктештирилип кеткен.

Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өмүржан Бабатаев маалымат жыйынында Таш-Көмүр шаары боюнча эң көйгөйлүү маселе деп көп кабаттуу үйлөрдүн абалын айтты. “Бүгүнкү күндө шаардын беделин түшүрүүдө”- дейт Ө. Бабатаев.

“Совет доорунда курулган имараттардын көпчүлүгү менчиктештирилип кеткен. Төртүнчү, бешинчи кабаттар болсо шаардын беделин түшүрүүдө. Себеби, эшик терезелери бүт тонолуп, ичине таштанды толгон. Менин талабым, азыр жергиликтүү аксакалдар, милиция, шаар кеңешинен комиссия түзүп, иликтөөгө алуу. Жана мамлекеттин муниципалдык менчигине өткөрүү. Ал үйлөрдү жаш жубайларга берүүнү пландап жатабыз”.

Кошумчалай кетсек, учурда Таш-Көмүр шаарынын Курулуш кичи районундагы №17 батирдин 30 жылдан берки жашоочулары менен менчиктештирип алган тарап соттошуп жатышат. Мындай кырдаал шаардагы башка көп кабаттуу турак үйлөрдөн да чыгышы мүмкүн. Анткени бүгүнкү күндө иштебей калган эски завод ишканалардын жатаканалары мамлекеттин муниципалдык менчигине толук өткөрүлгөн эмес.

“Көп кабаттуу үйлөр мамлекеттин муниципалдык менчигине өтүп, жашоочуларга берилгенде гана жогорудагы маселелер чечилет” – деп кошумчалады Ө.Бабатаев.

Роза АКМАТЖАН кызы, «Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...