Акыркы макалалар

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Астанадан артка кайтты

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Астанадан артка кайтты

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Казакстанда өтүп жаткан чемпионатка катышуудан баш тартып, артка кайтты. Бул тууралуу Спорт-Акипресс маалымат агенттиги жазды

Кыргызстандык көк бөрүчүлөрдүн айтымында, Казакстан тарап көк бөрү оюнунун башталышында тулпарлардын такаларын алып салууну талап кылган. Кыргыз тарап буга макул болбой, Монголия менен боло турчу беттештен баш тарткан. Учурда улуттук курама команда тулпарлар менен кошо Астандан Бишкекке карай жолго чыккан.

Эске салсак, буга чейин улуттук көк бөрү курама командасынын күчтүү оюнчуларынын бири Манас Ниязов да тизмеден чыгарылган. Ага казак тараптын Ниязов өтө корс мамиле менен ойнойт дегени себеп болгон.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • Admin @ 21.08.2017 @ 13:19

    Коркуп жатышабы?