Акыркы макалалар

Ош шаарында колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр аныкталды

Ош шаарында колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр аныкталды

Ош шаарынын соода түйүндөрүндө сатылуучу азык-түлүктөрдүн сапатын текшерүү боюнча рейд уюштурулду. Рейд 12-14-август күндөрү өтүп, кечээ жыйынтыкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен, колдонууга жараксыз азык-түлүктөр аныкталды. Аларды сатып жаткан жарандарга эскертүүлөр берилип, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Иш-чара Ош шаардык монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоочулар тарабынан уюштурулган.

Ушундай эле рейд Бишкек шаарында болду. Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери борбор калаадагы эң ири базар болуп саналган Ош базарындагы эт сатыла турган бөлүмдү текшерди. Рейд маалында мал этин базарга ташып жеткирүүчү унааларда муздаткыч жок болуп чыккан. Агенттиктин кызматкерлеринин айтымында, алардын санитардык абалы талапка жооп бербейт. Текшерүү учурунда тийиштүү таразалар да болгон эмес. Негизи алар "Кыргызстандарттын" маалымдама кагазы менен коюлат. Текшерүү учурунда андай маалымдаманын мөөнөтү апрель айында эле аяктаганы белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, рейддер мындан ары да өткөрүлүп турмакчы.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...