Акыркы макалалар

Жер семирткичти алыстан издебей, сөөлжан бак

Жер  семирткичти алыстан издебей, сөөлжан бак

Бир топ жылдардан бери «Биогумустун» артынан түшкөн белгилүү агроном Райкан Салиева бүгүнкү күндө 4 тонна «биогумус» жер семирткичин сатууга даярдады. Бул жер семирткич туурасында Р.Салиеванын макаласын сунуш кылабыз.

Азыркы мезгилде бүткүл дүйнөдөгү мамлекеттер, айыл чарбасына уулуу химикаттарды колдонууну азайтып жатышат. Себеби, алар эң биринчи адамдардын ден-соолугуна, андан кийин жаныбарларга, айлана-чөйрөгө чоң зыяндуулугун тийгизип, элди багып жаткан жердин (топурактын) асылдуулугун жылдан-жылга төмөндөтүп жатат. Мисалы: Америка, Италия, Франция, Кытай жана Европанын көпчүлүк мамлекеттери айыл чарбасында 70-80% органикалык жер семирткич биогумусту пайдаланышат. Жогорудагы мамлекеттерде адамдардын арасында ар кандай жугуштуу оорулар да өтө аз кездешет.

Ушул күндө Кыргызстандын айыл чарба министрлиги органикалык жер семирткичке өтө чоң маани берүүдө. Бул максатта биолабораторияларды ачууга кеңири жол берип, кадрлар маселесине көңүл бурулууда. Мына ошондой биолабораториялардын бири Кадамжай районунда ачылып иштей баштады.

Биолабораторияда органикалык жер семирткич биогумус иштелип чыгып, айыл чарбасында иштеген адамдардын ден соолугуна жана экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрдү өндүрүүгө чоң кадам жасала баштады.

Ушул жылдын март айларында Колифорния кызыл сөөлжандарды өстүрүүнү баштаганбыз. Сөөлжандарды чукурга салганда болгону 500 миң даана болчу. Азыркы күндө алардын саны 1 млн. даанадан ашып кетти. Сөөлжандар алгач 1942-жылы Американын Колифорния штатынан чыккан. Биогумус ушул күндөрдө дүйнөлүк базарда өзүнүн баалуулугу, натыйжалуулугу жана башка алмаштыргыс касиеттери менен II орунда турат. Сөөлжандар өтө эле эстүү организм катарына кирет. Борбордук нерв системалары өтө күчтүү иштейт. Эгерде сөөлжандарга толук шарт түзүп берсек, алар 38-40 жыл бою жашай алышат. Алардын узундугу 2 см ден 4 см ге чейин жетип, 70-80 % нымдуулукта, 23-30 градус температурада жашашат.

Сөөлжандар: адамдардан, өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан чыккан калдыктар (отходдор) менен тамактанышат.

Мисалга алсак, чириген бардык өсүмдүктөрдүн калдыктары, чириген малдын кыгы, тоок, өрдөк, коен, чочко жана башка жаныбарлардын калдыктарын толугу менен жеп, органикалык жер семирткич иштеп чыгышат.

ЭҢ АКЫРКЫ КАЛДЫКТАРДЫН АКЧАГА АЙЛАНЫШЫ БУЛ КЕРЕМЕТ

Кызыл сөөлжандардын эркектери 20-21 даана тукум койсо, ургаачылары 18-20 даана тукум койот. Бул кичине организмдер өмүрүндө укташты билишпейт. Аларга өтө жакшы ыңгайлуу шарттар болсо, күнү-түнү иштешет. Алар күндүн нурунан өтө эле коркушат. Ошондуктан аларды мүмкүнчүлүк болушунча караңгы жерлерде багуу керек. Мисалы, 3 тонна таштандыны 1 млн сөөлжан 1 айдын тегерегинде жеп, органикалык жер семирткич биогумусту даяр кылат. Мындайча айтканда 300 кг калдыктан, 120-130 кг органикалык жер семирткич пайда болот. Биогумус гранул сыяктуу майда кара же кызымтыл түстө болот.

Акыркы күндөрдө айыл чарба тармактарында уулуу заттарды жана минералдык жер семирткичтерди эсепсиз туура эмес пайдаланышкандыктардан жердин кыртышы бузулуп, түшүмдүүлүк эң төмөн көрсөткүчтөргө түшүп калды. Анын кесепетинен жер шорлонгон, нымдуулук жок. Туз көбөйүп кеткен. Ал эми органикалык жер семирткичтер менен менен жердин эң баалуу кыртышын сактап калып нымдуулук, температура бир калыпта сакталып, түшүмдүүлүк 60-70 пайызга жетүүдө.

Биогумустун жардамы менен:

1.Сөөлжандарды жана башка жер кыртышындагы майда миктоорганизмдерди көбөйтүүгө.

2.Жер кыртышынын асылдуулугун, температурасын кармоого.

3.Жердин нымдуулугун сактоого

4.Жашылчалардын өсүшүнө жана гүлдөшүнө ыңгайлуу шар түзүп берүүгө болот.

Ушул күндө жер жүзү боюнча шаарлардан, айыл-кыштактардан жана башка коомдук жайларда ташталып жаткан калдыктар (мусор) экологияга чоң терс таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле бул үчүн көптөгөн акчалар сарпталууда. Мисалы: Бишкек шаарында 1 жылда 200 млн сомдук каражат мусорго сарпталат экен. Жогорудагы калдыктардын 70 пайызын биз сөөлжандарга берсек, органикалык жер семирткич чыгарып, Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө өз таасирин тийгизет. Мындан тышкары шаарлардын, айылдардын тазалыгына да чоң таасирин тийгизет. Мен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө, түшүмдүүлүгүнө биогумустун таасирин айта кетейин. Мисалы, 1 түп терек 15-18 жылда курулуш материалы катары даяр болсо, биогумус менен 10-12-жылда жетилип калат. 1 түп помидор ушул күндө араң минералдык жер семирткичтердин жардамы менен 20-25 даана помидор кармаса, биогумус менен 50-60 даана помидор кармайт. Ал эми жогорудагы минералдык жер семирткичтердин жардамы менен 1 түптөн 60-70 даана картошка алынат.

Ошондой эле биогумус бир салынган жерде өзүнүн натыйжасын 3 жылга чейин сактай алат. Жазында тигилген көчөттөр 7-8 жылда мөмөгө кирсе, биогумус менен 3-4 –жылда эле мөмө ала баштайт.

Алсак, сорттуулугу жакшы мөмө-жемиштер 20-25 күн эрте бышат. Биогумустун составында өсүмдүктөргө керектүү төмөнкү органикалык заттар бар: Азот, фосфор, калий, магний, кальций, күкүрт, темир, марганец, жез, бор, хлор, цинк бар. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине чыдамдуу касиеттери көп.

Кызыл сөөлжандардын дагы башка баа жеткис чоң касиеттери бар.

Интернеттеги чет өлкөлөрдөн алынган маалыматтарга караганда дүйнөлүк медицинада сөөлжандардан дары-дармектер даярдалат. Ичеги карын ооруларына, ашказан, боор, жүрөк, сарык жана башка көптөгөн ооруларга каршы колдонулат экен. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө ашканаларда, кафе-ресторандарда тамак-аш катары пайдаланышат. Мен сөзүмдүн акырында Кыргызтан элине баарыбыз үчүн эң пайдалуу, эң арзан органикалык жер семирткичтерди пайдалансак деп айтаар элем.

Редакциядан: Агроном Райкан Салиева өндүргөн 4 тонна биогумусту Жалал-Абадда органикалык өсүмдүк өстүргөн фермерлер киллограмын 7 доллардан сатып алууга

А.Акматов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...