Акыркы макалалар

Ишкерликти колдоо боюнча кыргыз-кытай өнүктүрүү фонду түзүлөт

Ишкерликти колдоо боюнча кыргыз-кытай өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргыз-кытай өнүктүрүү фонду түзүлөт. Буга Кытай мамлекети макулдугун берип, учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жаңы түзүлүүчү фонд кыргыз-орус өнүктүрүү фондундай эле чакан жана орто бизнести колдоо максатында ишкерлерге насыя берет.

Кыргызстан “Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду” сыяктуу бирикмени Кытай менен да бирге түзүүнү пландап жатат. Бул4d0091024cec482dabe79770e8f38639e44f94db тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик телеканалга берген маегинде билдирди. Ал узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыя алуу, жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр үчүн орчундуу маселелердин бири болуп жатканын айтты.

— Өзүңөр билесиңер, президент Алмаз Шаршенович Ташкентте өткөн ШКУ саммитинде Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөштү. Кийин премьери Ли Кецян да келип кетти. Ал да макулдугун берди. Кытайдын “Улуу Жибек жолу” фондунда 40 миллиард доллары бар. Алар да келип кетишти. Азыр чакан жана орто бизнеске орус-кыргыз фондундай фонд түзүп, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздуу насыяларды берүү маселесин чечкенге аракет кылып жатабыз.

Буга чейин 2014-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда өнүктүрүү фонду түзүлүп, ишке кирген. Фонд ЕАЭБге кошулган Кыргызстандын ишкерлерин колдоого, экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылат. Алгач капиталы 1 миллиард доллар болору убадаланып, кийин болгону 350 миллион доллар менен иш баштаган. Бүгүнкү күнгө карата 246 миллион долларлык каражат дыйкан-фермер жана ишкерлерге бөлүнгөн.

Жеке ишкер Нуржамал Толубаева кыргыз-кытай фонду түзүлөөрүн кубаттады. Ал буга чейин кыргыз-орус фондунан насыя алууга бир нече жолу аракет кылып, бирок ала албай койгон. Анын айтымында, фонд ишкана ачкандарга гана насыя берилишин айткан.

—Мен жеңил өнөр жай тармагында ишкердик кыламын. Былтыр кыргыз-орус фондунан насыя алуу үчүн көп аракет кылсам да беришпеди. Болгон жаңы ачылган ишканаларга жабдыктарды сатып алууга гана насыя берет экен. Биз кездемелерди чет өлкөлөрдөн буйртма менен алабыз. Ошого каражат керек болот. Эми кытай-кыргыз фонду түзүлсқ, жакшы болот беле. Бизге окшогон ишкерлерге насыя жетип калат беле.

Финансист Каныш Шаршекеева кыргыз-кытай фонду түзүлсө, ишкерлерге насыяны түз берүү керектигин сунуштады. Анын пикиринде, фонд насыяны өзү берсе арзан болот.

-Сүйлөшүүлөргө жараша фонд Кытайдан каражатты бир же эки пайыз менен алып келеби, ага кеткен чыгымды кошсо, ошондо насыянын үстөмдүк пайызы 5-6дан ашпай калат. Ал эми бүгүнкү күндө кыргыз-орус фонду коммерциалык банктар аркылуу берип, банк дагы өзүнүн чыгымын кошуп, жеңилдетилген насыя экенине карабай 12 пайызга жетип калууда. Ошон үчүн жаңы түзүлө турган фондду колдойт элем. Себеби, бул деле узакка созулган акча болот. Анын негизинде экономикабызга пайда болот.

Мындай фонддор көбөйсө, банктарга атаандаштык болоорун экономист Искендер Шаршеев белгиледи. Анын айтышынча, эгерде фонд ачылса ишкерлерди каржылоого дагы бир булак пайда болот. Бирок азырынча тараптар келишимге кол кое электигине байланыштуу үмүт артуу эрте.

—Менимче Кытай тарап менен түзүлчү фонд Кыргызстандын базар баасынын деңгээлине жараша насыянын пайызын белгилейт болуш керек. Азырынча фонд боюнча такталган маалымат жок. Бирок түзүлүп калса, ишкерлерге каржы булагы болмок.

Учурда Кытай менен Кыргызстандын ортосунда фонд түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 40,5 пайызын чакан жана орто ишкердик түзөт. Бул жерде эң негизги көйгөй каржынын жетишпей жаткандыгы болууда.

Учурда кыргыз-орус фондунун каражаты жетишсиз. Ал эми жыл сайын орто жана чакан ишкердик үчүн 15-20 млрд. сом керектелет. Өлкө бөлүп берген каржы 10 млрд сомду гана түзөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...