Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДАН ЧЫНДЫК ТАППАЙ БИШКЕККЕ ЖӨНӨДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДАН ЧЫНДЫК ТАППАЙ БИШКЕККЕ ЖӨНӨДҮ

Жалал-Абад шаардык тазалык ишканасынын кызматкери жетекчилигинин үстүнөн тиешелүү жактарга арыз жазып бирок чындыкка жетпеген, эми президентке жана башкы прокурорго кайрылууну туура көргөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында “Жалал-Абад шаардык тазалык ишканасында 14 таштанды ташуучу унаа бар. Алардын ар бири күнүнө 2-3 рейс таштандыны чыгарат. Бирок отчётто күнүнө 5 рейстен деп жалган маалымат берилет. Мына ушундай жол менен талап тоноо ишин жүргүзүп келет” – деген маалыматын ишканага тиешелүү таштанды полигонунун кызматкери Бакыт Зулуев айтып чыккан.Ошондой эле буга карата шаардык мэрияга, Финансы полициясына, Облустук Мамлекеттик Коопсуздук Комитетине арыз менен кайрылгандыгын билдирген.

Бакыт Зулуев 9-август күнү кайрадан маалымат жыйын өткөрүп, кылмыш иши козголгон менен жыйынтыгы чыкпай жатканын билдирди:

“Мен бардык тараптарга кайрылдым, бир гана финансы полициясы күйүүчү майды ашыкча коротуп жаткандыгын аныктап (431 000 сом жана 187 000 сом) иш козгоп, аны Облустук УМККга өткөрүп берген. Бирок бугүнкү күнгө чейин иш жабылбай, жыйынтыгы чыкпай келет”.

Ошондой эле Б. Зулуев аталган чыр чыккандан кийин “Профсоюздун чечими” деген шылтоо менен кызматтан бошотулган.

Аталган окуя боюнча Тазалык ишканасынын жетекчиси Төлөн Бакировго кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык:

“Туура, арыз менен облустук күч органдарына, шаардык мэрияга кайрылган. Алар келип териштирүү иштерин жүргүзгөн жана эч кандай кылмыш ишин козгоочу аракеттер жок деп табышкан. Ага карабай экинчи жолу Бакыт Зулуев ММКларга жалган маалымат таратууда. Эгер дагы ушундай иш аракет көрө турган болсо, биз да сотко кайрылууга аргасыз болобуз. Ал эми кызматтан бошотулганынын себеби, ал жети күн ишке келген эмес”.

Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган ишкананын тегерегинде жетекчиси Т.Бакировго карата “Иш учурундагы жаракатынан майып болгон кызматкерди жашырган, тиешелүү жардамдарды берген эмес” деген доо менен бир канча иштен бошотулган кызматкерлер ММКларга маалымат жыйынында билдиришкен.

“Максатым адилеттүүлүккө жетүү. Ошол үчүн чындык издеп эртең Бишкекке барып, Баш прокурорго, президентке арыз менен кайрылам”- дейт Бакыт Зулуев.

Роза АКМАТЖАН КЫЗЫ, «Аймак»

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...