Акыркы макалалар

Сапаттуу үрөн саналып берилет

Сапаттуу үрөн саналып берилет

Кант кызылчасын өстүргөн кыргыздын келин-кыздары кылымга даңкталып келет. Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопоковаларды кыргыз элинин карысы да, жашы да жатка билсе керек. Азыркы күндө кант кызылчасы анчалык даңкталып,эл анчалык мээнет кылбай калдыбы, айтор кант кызылчасы туурасында ого эле аз жазылып, кызыккандар да билинбей калып келет. Ошол эле мезгилде кант кызылчасына талап күчөгөнү да жашыруун эмес. Элибиздин шекерге болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн башка өлкөлөрдөн шекерди ташып келип жатышат. Дыйкандарыбыздын кант кызылчасын өстүрбөй калганына Кайыңды кант заводунун бир калыпта иштебей келгени биринчи себеп болсо, Чүй өрөөнүндөгү кант кызылчаларынын ооруп калышы экинчи себеп болгону да чындык. Антсе да акыркы жылдары өлкөбүздө кант кызылчасын өстүрүүгө басым жасалууда. Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Калыгул айылындагы баба дыйкан Ташбай Абдыкожоевдин кызылча талаасында болгонубузда дыйкандардын кант кызылчасын өстүрүүгө болгон кызыгуусу күчөгөнүн байкадык.

Чүй –Талас Айылдык Кеңеш берүү Кызматы коомдук Фондусу атайын кант кызылчасын өстүрүүчүлөрдүн башын бириктирип, «Кант кызылчасын өндүрүп , кайра иштетүүчүлөргө тапшырууда, фермерлердин дараметин көтөрүү»-деген долбоордун алкагында талааа күнүн өткөрүштү. Аптаптуу жайдын күнүндө Чүй облусунун баш аягынан чогулган кант кызылчасын өстүрүүчүлөр менен бирге Кайыңды- Кант заводунун өкүлдөрү, элден кант кызылчасын өткөрүп алуу пункттарынын башчылары, долбоордун жетекчилери менен кант кызылчасын өстүрүүгө кызыккандар чогулушту.

Кыргызстандын экономикасынын өсүшүндө маанилүү ролдун бирин ойногон кант кызылчасын өстүрүүдө дыйкандар керектүү деңгээлдеги көрсөткүчтөргө жетпей келет. Дыйкандардын билиминин тайыздыгы, агротехникалык эрежелердин туура сакталбагандыгы, жердин деградацияга учурашы башкы себеп болууда. Андыктан кант кызылчасын өстүрүүгө мамлекет тарабынан болобу, иштиктүү аракеттер көрүлүшү зарылдыгынан келип чыккан долбоордун кызматкерлери ушул жерде өз ой-пикирлерин дыйкандар менен бөлүшүп жатты.

Чүй- Талас Айылдык Кеңеш берүү Кызматынын менеджери Жоомарт Жумабеков кеңири маалыматтарды берип,кант кызылчасын өстрүүдө жаңы ылгамдардын түрлөрү колдонулуп жаткандыгына токтолду. Дыйкандардын билимин тереңдетип, кант кызылчасына кандай агротехникалык эрежелер колдонуларынан кеп салды. Быйыл Чүй –Таластын дыйкандары «Штрубе» компаниясынын өндүргөн Радомир, Борислав, Геро, Акку ылгамдарынан үрөн алып өстүрүп жатышат. Ошого жараша долбоордун кызматкерлери үзбөй кеп-кеңештерин айтып, көзөмөлдүк да, жасашууда.

Ушул «Талаа күнүн» өткөрүп жаткан талаанын ээси дыйкан- фермер Абдыкожоев Ташбай аганы сөзгө тарттык.

-Кесибим боюнча агроном болом. Жерди иштетүүдө көп жылдык эмгек тажрыйбама таянам. Быйыл жаңы Радомир ылгамдагы кант кызылчасынын үрөнүн 4 гектар жерге айдадык. Бул ылгамды компания бизге ар гектарына 75 миң даанадан эгүү керектигин айтышты. Бизде талапка жооп берерлик техника жок. Чындыгында кант кызылчасынын жөөк аралыгы 45 см болушу керек болсо, бизде 75 см аралыкта гана эгүүчү сепкичтер бар. Ошону менен септик, суудан өксүтпөй ушул кезге чейин 3-4жолу сугарылды.2ирет атайын семирткичтер берилди. Культиватор менен 2 жолу аралыгын жумшартып койдук. Кант кызылчасына курт кумурскалар да көп келет, андыктан Аммиячный селитрадан 105 кг. Гектарына, аракетте, деп коебуз ошону бердик. Көп дыйкандар жерди эс алдырганга маани беришпейт, кант кызылчасын беде айдалган жерге эксе жакшы болот дегенди карманышат. Беде эгилген жерге бир жыл эгин, буудай,арпа эгип ошондон кийин келерки жылы гана кант кызылчасын эгүү керек. Кызылчаны эккенден кийин тапташ керек, ошондо ал жердеги нымдуулукту жакшы сактап өсөт, Экинчиден тамыры тереңге кетип кант кызылчасы түз тегиз өсүүгө багыт алат. Дагы бир сыры кызылчанын биринчи суусун суугарарда, суусатып жалбырагы соолууп баштаганда сугаруу эң жакшы өбөлгө түзөт. Кант кызылчасын Чүй аймагында 20- марттан кийин себүү жакшы натыйжага алып келерин да айтып койгум келип турат. Канчалык эрте себилсе ошончолук түшүмдүүлүгү артат.

Бул ылгамдын дааналап алгандан кийин ар бир даанасынан жок дегенде1кг.дан жогору түшүм алабыз деген ойдомун, Өзүңөр көрүп тургандай өсүшү жаман эмес,мээнетибиз жанып түшүмү жакшыболот. Кайыңды –Кант заводу менен келишим түзүлгөн, алар бизге бир тонна кызылча үчүн 77 кг дан шекер беришет. Ташып барган жол акысын завод көтөрөт. Бул дагы дыйкандарга жеңилдик болуп калды.

Кайыңды –Кант ААК нун өкүлү Исрайилов Абылкан мырза дыйкандар менен түзүлгөн келишимдери туурасында буларды айтып берди:-Канча жылдан бери завод башка жактан келгендердин кармагында болду. Бирок натыйжалуу иш алпара алган жок десек болот. Азыр кыргызстандык ишкерлер иштетип жатат. Көп жылдары оңдолуп , түздөлбөгөн завод кайра реконструкцияланып жатат.144млн сом оңдоо-жөндөө иштерине бөлүндү. «6 млн сомду дыйкандарга насыяга берип олтурабыз. Аларга Германиядан үрөн алынды, бир эле пакети 3-4 миң сом турат. Ар кандай мүнөздөгү дыйкандар бар, учурда 4млн сом элдин моюунунда жүрөт. Кайтарылбаган карыздарды айтып жатам.

Дыйкандарга жаз алды менен үрөн таратып, келишим түзгөнбүз. Ошондой эле дыйкандарга мүшөктөрдү да бекер беребиз. Чүй аймагындагы дыйкандар канттуулугуна карап, бир тонна кызылчага 77 кгдан шекер алат ,Талас облусунун дыйкандары 78 кгдан алышат. Ар бир мүшөк 17сом 60 тыйын турарын эсептей бериңиз.Жол акысын да завод көтөрөт. Дыйкандарыбыз жайы менен эмгекетенип түшүмдү жакшы алышса кант кызылчасы өлкөбүздүн экономикасын көтөрөрү бышык. Жалкоолуктан качкан дыйкандар арбын ийгиликке жетишип жатат.

Дыйкандар айыл чарба техникаларынын аздыгын айтып кейип жатышты эле. ОсОО «АгроЛизнгдин» өкүлү Исаев Эмиль келгендерге Лизнгге германиялык техникаларды алууга болорун, анын кайсы жерде жайгашкандыгын айтып берди.

Дыйкандар үчүн уюштурулган талаа мектебинин катышуучулары өздөрүнө пайдалуу көп маалыматтарды алып,Ташбай аганын көргөн жандын көз кумарын кандырган берекелүү кызылча талаасына суктанып турушту.

Нуржамал Курманкулова.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...