Акыркы макалалар

Сууга чөккөн балыкчынын денесин издеген куткаруучулар 20 жаштагы кызды табышты

Ысык-Ата районундагы Чоң Чүй каналында куткаруучулар сууга агып кеткен балыкчынын денесин издеп жатышып, 20 жаштагы кызды таап чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-августта кечинде Чоң Чүй каналына балык салганга келген 30 жаштагы киши сууга чөгүп кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар 20 жаштагы кыздын денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Күч кызматкерлери анын өздүгүн такташууда.

Балыкчынын денеси азырынча табыла элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери республикада 70 киши сууга чөккөн алардын 18и жаш балдар.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...