Акыркы макалалар

Көмүскө экономика менен күрөшүү-бюджеттин донорлордон көз карандуулугунун альтернативасы

Көмүскө экономика менен күрөшүү-бюджеттин донорлордон көз карандуулугунун альтернативасы

Республикалык бюджеттин сырткы булактарга болгон көз карандуулугун жоюу үчүн ириде салыктын көлөмүн көбөйтүү жана көмүскө экономика менен күрөшүү керектелет. Дүйнөлүк банктын жүргүзгөн анализине таянсак, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 40%дан ашуун. Бул деген жалпы экономиканын жарымына жакынынан салык, социалдык төлөмдөр төлөнбөйт дегенди билдирет. Эгерде ушул төлөмдөр толук жыйналса бюджеттин киреше бөлүгү көбүрөөк болоору маалым. Аны ачыкка чыгаруу үчүн салык төлөөнү жөнөкөйлөтүү зарыл экенин көз карандысыз эксперттер айтууда. Ал эми Каржы министрлигинин айтуусунда көмүскө экономика менен күрөшүү үчүн эң ириде салык төлөмдөрүн көбөйтүү зарыл.

2013-жылдын аягына карата Кыргызстандын тышкы карызынын суммасы 3,2 миллиард долларга жетет. Бул тууралуу “2014-жылдын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу тууралуу” мыйзам долбоорунда айтылат.

КР Каржы министрлиги келээрки жылы тышкы карызды тейлөөгө 4 миллиард 894,8 миллион сом багыттоону көздөйт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...