Акыркы макалалар

Жогорку сот К.Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Сот Камчыбек Ташиевдин ишин карады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

КР Жогорку сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич жөнүндөгү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы токтому жана Бишкек шаардык сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 17-октябрындагы аныктамасы күчүндө калтырылды. Жактоочу И.Айткуловдун көзөмөл арызы канаттандыруусуз калтырылды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын ЖКнин 297-беренесинин 2-б., 28-295-беренелери менен айыпталган Ташиев Камчыбектин бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө, башкача айтканда, 2012-жылдын 3-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын УКМКсынын СИЗОсунда камакка алуу түрү тандалган. Тергөө тобунун башчысынын өтүнүчү канаттандырылган.

Бишкек шаардык жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2012-жылдын 17-октябрындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы токтому өзгөртүүсүз калтырылган. Жактоочу И.Айткуловдун кассациялык арызы канаттандыруусуз калтырылды.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...