Акыркы макалалар

Бишкекте эл аралык теннис боюнча турнир өтөт

Бишкекте эл аралык теннис боюнча турнир өтөт

Бишкектеги атайын адистештирилген өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде 25-29-августта “Балдар - биздин келечегибиз” урааны астында эл аралык теннис боюнча турнир өтөт. Турнирге бир катар өлкөлөрдүн жаш теннисчилери катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Марал” радиосуна мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигинин теннис боюнча көзөмөлдөөчү адиси Бакыт Бейшенбеков билдирди.

Таймаштар үч жаш категориясында бирден жана жуп-жуптан өткөрүлөт: 1-топтогулар – 2002-жылкы жана андан төмөнкү жаш курагындагылар, 2-топтогулар - 1999-2001-жылы туулгандар, ал эми 3-топто 1996-1998-жылы туулгандар таймашат. Ошондой эле анда теннис сүйүүчүлөр да өз ара таймашууга мүмкүндүк болот.

Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү КР Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин медаль, кубоктору жана Ардак грамоталары, ошондой эле демөөрчүлөрдүн сыйлыктары менен сыйланат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...