Акыркы макалалар

Изделип жаткан «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү табылды

Изделип жаткан «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү табылды

Буга чейин дайынсыз болуп жатат делген «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Нургазы Бакаев табылды. Бул тууралуу аталган партиянын штабынан кабарлады.

Маалыматка караганда, партия мүчөсүнүн эмне себептен жоголгондугу, ал кайда болгондугу азырынча белгисиз. Толук маалымат аны менен сүйлөшкөндөн кийин берилээрин партиянын штабы билдирди.

Алардын айтымында, Нургазы Бакаев буга чейин «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду колдоо үчүн уюштурулган нааразычылык акцияларга, сот отурумдарына активдүү катышып турган. Бирок, 31-июлдан тартып байланышка чыкпай, уюлдук телефону өчүп калган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...