Акыркы макалалар

Вашингтондо кыргыз музыкалары жаңырат

Вашингтондо кыргыз музыкалары жаңырат

26-августта АКШнын борбору Вашингтон шаарында «Кыргызстан добушу» аталышындагы гала-концерт өтөт.

Уюштуруучулардын билдиришинче, анда кыргыз классикалык жана фольклордук музыкалары тартууланат. Концертке кыргызстандык жана америкалык музыканттар Азамат Сыдыков, Джоэл Мартин, Джонатан Левин, опера ырчысы Николета Раллис, виолончелист Нурмира Гринберг, ошондой эле комузчу Перизат Копобаева катышат.

Алар кыргыз атактуу композиторлору Атай Огонбаев, Ниязалы Борошев, Калый Молдобасанов, Владимир Фере, Таштан Эрматов, Михаил Бурштин, Муратбек Бегалиев жана Жылдыз Малдыбаеванын чыгармаларын аткарышат.

Мындан сырткары америкалык композиторлордун дагы чыгармалары жаңырмакчы.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...