Акыркы макалалар

Президенттикке талапкерлер кол топтой албай жатабы?

Президенттикке талапкерлер кол топтой албай жатабы?

Президенттикке талапкер Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун штабында иштегендер кол топтоо үчүн акча сунуштоодо. Мындай пикирди мурунку акыйкатчы, президенттикке талапкер Турсунбек Акун айтып чыкты. Маалыматка ылайык, Бабановдун штабындагылар акча сунуштап жатканын жарандар Акунга билдиришкен. Мындан улам ал Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылмакчы. Ал эми Бабановдун штабы жогорудагы маалыматты четке кагат.

Азыркы тапта президенттикке талапкерлер кол топтоо иш-аракеттин кызуу көрүүдө. Айрымдары20265090_1692861057424698_6326348824206150032_n Бишкек шаарынын борбордук соода жайларына атайын кол топтоо пунктарын ачып, иштеп жатат.

Талапкерлердин бири Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун штабында иштегендер кол топтоо үчүн акча сунуштап жатат. Бул тууралуу президенттикке талапкер, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Бабановдун штабында иштегендер Бишкекте айрым жарандарга кол топтоо үчүн акча сунуштап жатышат. Бул боюнча жарандар кайрылышты.

—Борбор калаадагы Эркиндик бульварынын кесилишкен Киев көчөсү, 88 дарегинде Өмүрбек Бабановдун штабы жайгашкан. Штабдагыларга ошол жерде жашагандар келип, «бүгүн саат эки чамасында эки-үч бала келип, короого спорт аянтчасын куруп беребиз, Бабановго кол чогултуп бергиле» деп, ар бир колго миң сомдон сунуштаганын айтышты. Үгүт баштала электе добуш сатып алуу аракети болуп жатат. Биздин балдар элге барса «Бабановдун штабы миң сомдон берип жатат, силер бербейсиңерби?» деп жатышат. Мен кол чогулта албай жатам.

Турсунбек Акун бул боюнча БШКга расмий кайрыларын билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Руслан Казакбаев жогоруда айтылгандарды четке кагып, туура эмес маалымат катары баалады.

—Турсунбек Акун агабыз кайсы фактыга таянып айтып жатканын билбеймин. Бирок эч качан кол топтоодо каражат берилбейт. Эмне мынтип айтып жатканын билбеймин. Азыр саясий жарыш жүрүп жатат. Ага байланыштуу ар кандай маалыматтар айтылышы мүмкүн.

Азыркы тапта талапкерлерден БШКга мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин гана кол топтогон документтери келген. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

Анын айтымында, эгерде колду сатып алуу фактысы аныкталса, эскертүү берилип, же башка чаралар да колдонулат. Азырынча андай арыздануулар түшө элек.

—Азырынча кол топтоого байланыштуу арыздар биздин дарекке келе элек. Шайлоо мыйзамына ылайык, кол топтоо добуш берүү күнүнө 50 күн калганга чейин, тагыраагы 25-августта БШКга тапшырышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку мүчөсү Ишенбай Кадырбеков кол топтоого акча берүү туура эмес деп баалады. Анын пикиринде, куру сөздү эле айта бербестен, аларды кармоо керек.

—Талапкер акча менен кол чогултуп жатса, добуш алса, ал Кыргызстанга жана шайлоочуларына эч кандай жакшылык алып келбейт. Себеби, бул сыйлабастыкка жатат. Алар шайлоочууларынын аброюна шек келтирип жатат. Андай адамдар бийликке келгенде мамлекеттин кызыкчылыгын деле сатып коюшу мүмкүн. Мисалы, менен мындай адамдарга эч качан ишенбеймин. Буга чейин Кыргызстандын ар кандай жерлери коңшу мамлекеттерге сатылып кетти.

Президенттик шайлоого карата даярдыктарга «Таза шайлоо» ассоциациясы азырынча расмий түрдө байкоо жүргүзө элек. Ассоциациянын жетекчиси Тагир Осмоналиев кол топтоо жараянына көз салып жүргөнүн билдирди.

Анын айтымында, кол топтоодо акча сунуштоолор болуп жатат. Учурда талапкерлердин штабынын кызматкерлери колду топтоодо кыйналууда. Анткени эл кол койгонго канча бересиң деп соодалашып калды. Буга талапкерлер башында акча берип аң сезимине киргизип койду.

—Азыр көчөлөрдө кол топтогондор жүрөт. Ал эми элден кол топтоого каражат берип жатканын угуп атамын. Мурунку шайлоолордо кол топтоого каражат беришчү эмес. Ошондой, кол топтоо боюнча элге туура маалымат жеткириш керек. Бир адам баардык талапкерге берсе болот. Бирок бирөөнү гана тандаса. Ошондо таза шайлоо болот.

Талапкерлердин биринин кол топтоо пунктарында иштеп жаткан Гулина Турганова элге эч кандай каражат берилбей эле кол коюлуп жатканын билдирди. Каалоочулар өздөрү атайын паспорттун алып келип, тизмеге жазылууда.

—Бул агитация эмес. Болгону кол топ иш-аракети болуп жаткандыктан каражат эч кимге сунушталбайт.

Коомчулукта кол топтоого акча берилип жатат деген маалыматтан соң Бишкек шаарынын жашоочууларынын пикирин да угуп көрдүк. Айрымдары акча сунуштагандар болду десе, кээ бири кезиктире электигин билдиришти.

Акыркы маалыматтарга ылайык, президенттик кызмат үчүн ат салышуу ниетин билдирип арыз менен кайрылгандарын саны ушу тапта 42 адам болду. Мыйзам боюнча саясий жарышка катышууну көздөгөндөр талапкер катары катталуу үчүн 30 миң кишинин колу коюлган тизмени БШКга тапшырышы керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...