
Парламент депутаттары 21-августта кезексиз сессияга чогулат. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлдөрү ал жыйында жаңы премьер-министр шайлайт жана өкмөт курамын бекитет.
Белгилейт кетсек, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, депутаттарга сентябрга чейин жаңы министрлер кабинетин түзүүгө туура келерин айткан.
Эске сала кетсек, КСДП 15-июлда өткөң курултайында президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн. Ошондуктан ал өкмөт башчылык кызматын тапшырат.
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...