Акыркы макалалар

Дүйшөмбү менен Ташкент электр энергиясы боюнча кызматташууга даяр

Дүйшөмбү менен Ташкент электр энергиясы боюнча кызматташууга даяр

Тажикстан бийлиги электр энергиясын экспорттоо жана импорттоо маселесин Өзбекстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен тартипке келтирүүгө даяр. Бул тууралуу Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода билдирди.

"Тилекке каршы, Өзбекстан менен чектеш райондордо электр өткөрүү линиялары иштен чыкты, буга байланыштуу айрым тилкелерде жана көмөк чордондордо ремонт иштерин жүргүзүү зарыл", - деди ал.

Министрдин айтымында, “Барки Точик” холдингинин адистери “Регар” көмөк чордонун текшерип, кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүштү. Өзбек энергетиктери жакын арада Сурхандарья аймагындагы он жыл мурун бузулган электр өткөрүү линияларын оңдоого убада берди. Дүйшөмбү менен Ташкент Өзбекстан менен чектеш Хатлон жана Согди облусундагы электр линияларын калыбына келтирүүгө макулдашты.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстан жай мезгилинде коңшу өлкөлөргө 5 млрд. кВт электр кубатын экспорттоого кудуреттүү.

Жыл башында Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азия өлкөлөрүнө аймакта бирдиктүү энергосистеманы калыбына келтирүү боюнча диалог өткөрүүнү сунушгтаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...