Акыркы макалалар

Кыгызстандын 4 облусунда сел жүрдү

Кыгызстандын 4 облусунда сел жүрдү

Кыргызстандын аймагында акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суулардын деңгээли көтөрүлүп, Ысык-Көлдө, Таласта, Жалал -Абадда жана Нарын облусунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы Ыкыбал Абдираимова маалымдады.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Жети- Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагында 7 - август күнү сел жүрүп, натыйжада Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп кеткен. Ал эми 8 - август күнү Кызыл-Суу айыл аймагындагы Жылуу - Суу эс алуучу жайына баруучу унаа жолдун 150 метр аралыгын суу жууп кеткен. Учурда жол каттамы жабык бойдон турат.

Ошол эле күнү Жалал - Абад облусунун Токтогул районундагы Ак-Жар айылы менен Өзгөрүш айыл аймагын байланыштырган көпүрөнү, Кашка-Суу, Чечекти жайлоолоруна бараткан жолдогу көпүрөлөрдү кыян жарактан чыгарган.

8-августта Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Садыкан айыл аймагындагы 20 га көп жылдык чөптү жана 10 га төө буурчакты сел каптаган. Мындан сырткары, Көк-Таш айылында селдин кесепетинен Кызыл-Жар каналынын 300 метр аралыгы сел калдыктарына толуп, кыян 18 га көп жылдык чөптү жана 12 га төө буурчакты алып кеткен. Кара-Коюн ички чарбалык жолунун 8 чакырым аралыгын беш жеринен суу жеп кетип, жол каттамына кыйынчылык жаралган, турак үйлөр жабыркаган эмес. Айылдан 97 адам тартылып, 10-августта жумуш толугу менен аяктады.

11 - августта каттуу жааган жамгырдын айынан Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Ормон Хан жана Семиз-Бел айылында таңга маал суулардын деңгээли көтөрүлүп, айылды каптоо коркунучу туулган. Тийиштүү чаралар көрүлүп, коркунуч жоюлду.

ӨКМнын Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына караганда, 2013-жылдын 12- августунан 15-августуна чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...