Акыркы макалалар

КР курамасы Чехияда өткөн интеллектуалдык спорттун түрү боюнча 8 сыйлык алышты

КР курамасы Чехияда өткөн интеллектуалдык спорттун түрү боюнча 8 сыйлык алышты

13-21-июлда Чехияда интеллектуалдык спорттун түрү боюнча эл аралык олимпиада өтүп, анда Кыргызстандан барган команда 8 сыйлык жеңип алышты. Анын 3сү алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган олимпиаданын алкагында Польшадан, Австриядан, Түркиядан, Украинадан, Израилден, Франциядан, Германиядан, Казакстандан, АКШдан, Кыргызстандан жана Чехиядан келген 80 катышуучуга 12 комплект сыйлык ойнотулган.

Улуттук спорттун түрлөрү дирекциясынын директору Токсонбай Асановдун айтымында, тогуз коргоол боюнча спортчуларга стипендия берүү маселеси каралып, ал жакын арада чечилет.

“Мен Кыргызстандын командасын ийгиликтүү жеңиши менен куттуктайм. 12 команданын арасынан биздин курама команда экинчи орунду камсыз кылды. Биздин спортчулардын жетишкендиги албетте бизди сүйүндүрөт, жана ал жылдан жылга жакшырууда. Биздин желек сөзсүз түрдө ири эл аралык турнирлерде бийик көтөрүлөт, себеби бизде мыкты машыктыруучулар көп”,-деп билдирди Асанов.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...