Акыркы макалалар

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан 135-орунда

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан 135-орунда

Кыргызстандын улуттук футбол курама командасы дүйнөлүк рейтингдин быйылкы жылдын июль айындагы жыйынтыгы менен 2 тепкичке өйдө көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг боюнча Кыргызстан курама командасы 228 упай менен 209 өлкөнүн ичинен 135-орунга татыктуу болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мурун 137-орунду ээлеп келген. Алдыңкы ондукту ээлеген командаларда эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. 1-орунда Испания, 2-орунда Германия, 3-орунда Колумбия курама командасы турат. Орусия бир тепкич өйдө көтөрүлүп 16-орунга чыкты. Казакстан 150-орундан 149-орунга көтөрүлдү.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...