Акыркы макалалар

ТАШ-КӨМҮР ДАГЫ МЭРСИЗ КАЛДЫ

ТАШ-КӨМҮР ДАГЫ МЭРСИЗ КАЛДЫ

Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин депутаттары экинчи ирет калаа мэрин дагы шайлай алышкан жок.

Таш-Көмүр шаардык Кеңешине КСДП партиясынан 7, «Республика» партиясынан 7, «Мекеним Кыргызстандан» 6, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан 5, «Ата Журт» партиясынан 3, «Таш-Көмүр жаштарынан» 3 депутат шайланган.

КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Таш-Көмүр жаштары» партиялары биригип, «Биримдик» коалициясы түзүшкөн. Ошентип, шаардык кеңештин төрагасы дагы 16 добуш менен шайланган эле. Ал эми шаар мэрлигине КСДП партиясынан Сулайман Сансызбаев гана жалгыз талапкерлигин койгон. Шаар мэрин шайлоо үчүн эки жолу кворум болуп, эки жолкусунда тең оппозицияда калган партиянын депутаттары келбей коюшту. Оппозицияда калган партиялардан мэрликке талапкер көрсөтүлгөн дагы эмес.

Ал эми КСДП партиясынан шаардык Кеңешке депутаттар, аксакалдар Кеңеши Өкмөт башчыга шаар мэринин милдетин аткаруучуну аталган партиядан дайындоо боюнча кайрылуу дагы жолдошкон.

Баса, буга дейре Бекболот Миңбаев Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулган.

Ошондуктан, калаа мэрин шайлоо биринчи жолу 31-январда өткөн. Анда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Тимур Колоев, «Кыргызстан» партиясынан Шайлообек Кубатбеков, КСДПдан экс-мэр Шамшарбек Чойбеков көрсөтүлүп, эч кимиси жетиштүү добуш алган эмес.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...