Акыркы макалалар

Президенттикке аттангандардын интернеттеги жарышы

Президенттикке аттангандардын интернеттеги жарышы

Президенттик шайлоого аттанган талапкерлерге байланыштуу массалык маалымат каражаттары менен интернет желесинде сурамжылоолор жүрүүдө. Сайттарда «Өз президентиңди танда», «Эртең президенттик шайлоо болсо кимди шайламаксыз?» деген сындуу элдин добушун топтогон атайын бөлүмдөрү дагы бар.

Буга окшогон социалдык сурамжылоолорго ажолукка аттангандардын кээ бирлеринин ичи чыкпай, даттанууда. Дегеле буга окшогон сурамжылоолор канчалык таза өтөт, анын жыйынтыгы талапкерлердин шайлоодогу барк-баасына таасир этеби?

Президенттик шайлоого талапкерлигин коюп жаткан Сагынбек Абдрахманов «AKIpress» маалымат агенттигинин ажолукка ат салышкандар боюнча сурамжылоосуна нааразы. Ал сайттагы жүрүп жаткан добуш берүүнү «акыйкатсыз» деп атап, анын ачыктыгынан күмөн санап жатат.

— Мага Чаткалдан, Терек-Сайдан жана 200гө жакын коңшуларым менен досторум эле «AKIpressге» добуш бердик дейт. Алар каттоодон өтүп, электрондук почталарын жаздык дешти. Бирок, жыйынтык жок. Уят да эми ушундай кылган. Калган үчөөнүн (ред: С.Жээнбеков, Ө.Бабанов, Т. Сариев) алдыга кетип бара жатканы туура эмес көрүнүш. Бул сурамжылоо коомго таасир этет да. Көргөн кишилер «буларды эч ким деле шайлабайт турбайбы», деген ойдо калышат. Төрт-бешөө эле алдыда экен деген пикир болот.

Сайттагы маалымат боюнча учурда сурамжылоого жалпы 2500 миңге жакын киши катышып, жыйынтыгында КСДП партиясы президенттикке көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков менен «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 750гө жакын добуш топтоп алдыда келе жатат. Темир Сариев 700гө чукул жарандын ишенимине ээ болсо, Чыныбай Турсунбеков 91, ал эми Сагынбек Абдрахманов 32 добуш алган.

Аталган маалымат агенттигинин сурамжылоосуна ичи чыкпагандардын катарында Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери да бар. Анын шайлоо штабында иштеп жаткан Мурат Соорбеков Бабановдун пайдасына берилген добуштардын кемип жатканына нааразы.

— «AKIpressте» буга чейин ай сайын эле сурамжылоолор болуп турган. Ал кезде Өмүрбек Токтогуловичтин рейтинги биринчи болчу. КСДПнын талапкери аныкталгандан кийин эле акыркы күндөрү Сооронбай Жээнбеков озуп кетти. Мындай болушу мүмкүн эмес эле. Биз добуш берүүнү карап, назар салып турсак биздин добуштар алынып, ага (ред: С.Жээнбеков) тескерисинче кошулуп атты. Кээде баарынан добуш алынат. Бирок, андан (ред: С.Жээнбеков) 2 добуш алынса, бизден (ред: Ө.Бабанов) 15 добуш алынып атты. Бул деген катышуучуларга карата адилетсиз мамиле болуп калды.

Коюлган дооматтар боюнча «AKIpress» агенттиги азырынча жооп бере элек. Буга окшогон сурамжылоо «Super.kg» порталында да жүрүп жаткан. Бирок, аталган сайттан кабарлашкандай, талапкерлер расмий каттоодон өткүчө сурамжылоону убактылуу токтото туруу чечими кабыл алынган.

Медиа эксперт Азамат Тынаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын буга окшогон сурамжылоолорду жүргүзгөнүн туура эмес көрөт. Анын себебин ал мындайча түшүндүрдү.

— Маалымат сайттары сурамжылоолор менен алектенбей эле койсо жакшы болмок. Анткени, журналисттер коомдук пикир деген нерсени баарынан жакшы түшүнүш керек эле. Тилекке каршы, алар сайтка элдер активдүү кирсин деп, добуш бердирүү ыкмасын колдонуп жатышат.

Өз президентин тандоо социалдык түйүндөрдө да кызуу жүрүүдө. Шайлоого катышууга бел байлагандардын тарапташтары буга окшогон сурамжылоолор акыркы чечим эмес, коомдун бардык катмарынын оюн туюндурбайт деген менен талапкерлер атайын кызматчыларды жалдап интернетте иш алып барышаары айтылып келет.

Азамат Тынаев керек болсо айрым массалык маалымат каражаттары сурамжылоонун жыйынтыгын кайсы бир талапкердин пайдасына чыгарып берүү үчүн акча да алаарын ачыктады.

— Так айта албайм. Ал үчүн далил керек. Бирок, муну айтууга дагы негиз бар. Сурамжылоонун жыйынтыктарын алдын ала бирөөлөр менен сүйлөшүп, кимдер бирөөнүн кызыкчылыгына жасаттырат. Албетте, бекер эмес. Кээ бир сайттар программаланган сурамжылоо үчүн кайсы бир саясатчылардан акча алган учурлар бар.

Талдоочулар Кыргызстанда интернет колдонуучулардын санынын өсүшү менен шайлоодо үгүт жүргүзүүнүн жаңы жолдору пайда болгонун, бул өз кезегинде оң натыйжа берип жатканын белгилешет.

Массалык маалымат каражаттарындагы же интернет айдыңындагы сурамжылоолор шайлоого байкоо салган тараптарга дагы пайдасы тийерин «Таза шайлоо» ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Айнура Усупбекова айтууда.

— Бизге окшогон аналитиктерге бул өзүнчө маалымат. Шайлоого чейин жана шайлоодон кийин шайлоочулардын тандоосу өзгөрдүбү деген жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Андыктан бул шайлоочулардын көз карашын билдирет.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ажолукка ат салышкандардын интернеттеги жарышы күндөн-күнгө кызып бара жатат. Ал эми шайлоодогу үгүт иши 10-сентябрдан тарта башталат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...