Акыркы макалалар

Сентябрда унаа, кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бүтөт

Сентябрда унаа, кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бүтөт

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгы жөнүндө эскертет.

Алсак, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарыны салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын, тактап айтканда короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер тилкелери үчүн салык төлөө зарыл.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө администрациялык айып салынат.

Ошону менен бирге, транспорт салыгын төлөгөндөн кийин жарандар салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган, авто унаанын алдыңкы айнегине чаптала турган атайын чаптамаларды алуулары зарыл экендигин айта кетмекчибиз. Атайын чаптамалар бекер берилет.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...