Акыркы макалалар

Алтын: арзандоонун кесепети өлкө казынасына зыян алып келет

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

Дүйнөлүк рынокто алтын баасынын кескин арзандашы менен алтынга үмүт артып турган Кыргызстан кеминде 1 миллиард доллар зыян тартуу ыктымалдуулугун экономика министрлиги кабарлады. Ушул жылдын башында бир унций алтындын наркы 1700 доллар болсо, учурда 450 унцийге арзандаган.

АЛТЫНДЫН АРЗАНДАШЫ ЗЕРГЕРЛЕРГЕ ЖАРЫГЫН ЧАЧПАЙТ

Адистердин айтымында, дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандаганы менен, Кыргызстандагы керектөөчүлөр бул арзандоонун “даамын” сезишпейт. Кыргызстан зергерлер бирлигинин төрагасы Чыңгыз Макешовдун айтымында, ата мекендик чийки зат кымбат болгондуктан, Кыргызстанда жасалган зер буюмдардын да баасы жогору болот.

“ Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын бир канча өлкөлөрдө иштетилип, кымбат баада кайра өлкөгө алынып келинет. Ошол эле учурда жергиликтүү зергерлер алтын иштетүү үчүн "Кыргызалтындан" чийки зат сатып ала албай жатат. Зергерчилик менен алектенгендердин иши сырьего барып такалат. Биз сырьелордун өңчөй бөлүгүн чет өлкөлөрдөн, калганын ломбарддардан алабыз. Бизде өндүрүлгөн алтын-күмүштөр дүйнөлүк баада сатылгандыктан, металлды сатып алуу биз үчүн кымбатка турат”,-дейт Ч.Макешов.

“КЫРГЫЗАЛТЫНДА” АБАЛ КЫЙЫН

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Кылычбек Шакировдун айтымында, алтынга болгон нарктын түшүп кетиши Американын федералдык корунун инфляцияны кыскартуу саясаты менен байланыштуу. Ошол эле учурда бул арзандоонун эпкини биринчи кезекте “Кыргызалтын” ишканасына тиет. Анын баамында, алтынды казып алуунун өздүк наркы бул ишканада кымбат. Ошол себептүү өзүн-өзү актай албай калат.

“Биздин ишканадагы технологиялардын алдына 40-50 жыл болду. Баары эскирип, аларды алмаштыруу зарылдыгы турат. Анын үстүнө жаңы салык саясаты киргизилген. Мына ушулардын баарын эсептеп чыкканда, биздин ишканада алтындын өздүк наркы кымбат болуп калат”,-дейт К.Шакиров.

ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ИРДЕНГЕН САЙЫН АЛТЫН АРЗАНДАЙ БЕРЕТ

Мурдагы каржы министри, экономист Акылбек Жапаровдун пикиринде, алтындын арзандап кетүүсү Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян алып келиши ыктымал. “Алтындын 1 унциясынын реалдуу түрдөгү баасы 750-950 долларга чейин турат. Анын үстүңкү акчанын баасы финансалык кризис убагында пайда болгон. Ошондуктан канчалык дүйнөлүк экономика өзүнө келип, жакшыра баштаган сайын, алтындын баасы төмөндөй берет. Тилекке каршы, мунун кесепети биздин бюджетке катуу зыян бериши мүмкүн, анткени сатылган алтындын суммасынын 14 пайызы өлкө казынасына түшөт”,-дейт А.Жапаров.

КЫРГЫЗ АЛТЫНЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

- Кыргызстан Улуттук алтын корунун көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүндө үчүнчү, ал эми дүйнөдө 21 орунда турат;

- Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 20 тоннага жакын алтын, 5 тоннага жакын күмүш өндүрүлөт;

- “Кумтөр” алтын кенинде 1 унций алтындын өздүк наркы 800-900 долларга туура келет;

- Кыргызстанда алтындын жалпы кору 429 тоннаны түзөт;

- Быйылкы жылы өлкөдө 21 тонна алтын казып алуу планы коюлган;

- “Кумтөрдө” бир саатта 120 миң долларлык алтын өндүрүлөт;

- Кыргызстанда 1000ден ашуун кен байлыгы табыла турган жерлер бар;

- Өкмөткө караштуу мамлекеттик геология агенттигинин эсеби боюнча, учурда өлкөдө 60 алтын кени каттоодо турат;

- Бүгүнкү күндө “Кумтөр”, “Макмал”, “Солтон-Сары”, “Терек” жана “Тереккан” алтын кендери казылып жатат;

- “Жер-Үй”, “Талды-Булак”, “Андаш”, “Бозымчак”, “Иштамберди”, “Куру-Тегерек” алтын кендери иштетилүү алдында турат;

- Ал эми калган 49 алтын кенинде чалгындоо-изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат;

- Иштетилген алтындын 14 пайызы Кыргызстандын бюджетине чегерилет.

26.07.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...