Акыркы макалалар

Отунбаева: бул саясий атаандаштардын уюштурган соту

Отунбаева: бул саясий атаандаштардын уюштурган соту

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбө катары көрсөтмө берген экс-президент Роза Отунбаева учурда өтүп жаткан сотту "саясый иш" деп атады. Ал процесс саясий атаандаштардын уюштурган иши экенин кошумчалады.

Мындай пикирге каршы чыккан судья Айбек Эрнис уулу күбөнү суроолорго гана жооп берүүгө, божомолдорду айтпоого чакырып, эскертүү берди. Мындан улам айыпталуучу Өмүрбек Текебаев буга чейин сотто күбө катары келген Леонид Маевский жана Алексей Модин өз ойлорун каалагандай айтып, ага сот мүмкүнчүлүк бергенин эске салды.

Суроолорго жооп берүүнү уланткан Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн учурунда бардык чечимдер добуш берүү менен кабыл алынганын, Өмүрбек Текебаев кайсы бир чечимди жалгыз кабыл алуу мүмкүн эмес болгонун кошумчалады. “Андыктан Текебаев “Альфателекомду” өзүм билемдик менен сатып салышы мүмкүн эмес болчу” – деди Отунбаева.

Экс-президент соттогу көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-май күнүн хронологиялык негизде айтып берип, бул күнү Жалал-Абадда абал абдан курч болуп турганын айтып берди. Бул күнү Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү түштүктөгү окуяны жайгаруу үчүн өкмөт үйүндө жүргөнүн билдирип, Текебаев да алардын жанында болгонун кошумчалады.

Буга чейин орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев менен таанышканын, кийинчерээк ага “Мегакомду” сатып алуу үчүн миллион доллар бергенин айткан. Бирок ал “Мегаком” акцияларына ээ болбой калып, берген акчасын кайтара албай Текебаевге алданып калганын айтып, быйыл февраль айында өлкөнүн күч органдарына арыз жазган.

Соттук териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...