Акыркы макалалар

Айсулуу Тыныбекова 12 - орунда

Айсулуу Тыныбекова 12 - орунда

Эл аралык күрөш федерациясы (FILA) аялдар арасында эң мыкты балбанды аныктады. Маалыматка ылайык, 59 килограммга чейинкилердин арасында Айсулуу Тыныбекова мурдагыдай эле 12 - орунду ээлеп калды. Бул көрсөткүчкө Тыныбекова аялдар арасында өткөн Азия чемпионатында коло медалдын ээси жана жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгондугу менен жетишкен. Бирок, бул рейтинг жакында өткөн бүткүл дүйнөлүк универсиадага чейинки көрсөткүч. Балбан кыз алган коло медалды кошкондо рейтинг дагы жаңырып, алдыңкы орундарга чыгышы мүмкүн. Бул күч салмагында алдыңкы орунду Россиялык спортчу Елена Вострикова багындырган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...