Акыркы макалалар

Жеңил атлетикада Кыргызстандын курама командасы медаль боюнча 8 орунга чыкты

Спорттун жеңил атлетика түрүнөн Кыргызстандын курама командасы медалдардын саны боюнча Азия чемпионатында 8-орунду камсыз кылды.

Азия чемпионаты 6-9-июль аралыгында Индияда өткөн. Жалпысынан 42 комплект медаль ойнотулган. Кыргызстандын командасында 6 спортчу таймашка чыгып, 3 медаль алууга жетишишкен.

Дарья Маслова таймаштын биринчи күнү 5000 метрге чуркоодо биринчи келип, алтын медаль алган. Мындан тышкары жыйынтыктоочу күнү 10000 метрге чуркоодо дагы биринчи келип алтын медаль тагынган.

Ошондой эле, 10000 метрге чуркоодо эркектер арасында Адилет Кыштакбеков үчүнчү келип коло медалды илип кеткен.

Медалдын саны боюнча биринчиликте 29 медаль менен Индия, экинчиде 20 медаль менен Кытай, Казакстан 8 медаль менен 3-орунга татыган.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...