Акыркы макалалар

Жол кырсыгы көбөйдү

Жол кырсыгы көбөйдү

2017-жылдын башынан бери Кыргызстанда 2582 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда 4,2% көп. Кырсыктан 307 киши набыт болуп, 3835 адам жаракат алган. Бул тууралуу Мамлекеттик кайгуул-күзөт башкармалыгы маалымдоодо. Ага ылайык, жол кырсыктарынын 87,2% айдоочулардын, 7% жөө адамдардын күнөөсү менен болгон. Айдоочулардын көпчүлүгү ылдамдыкты көбөйтүү, каршылаш тилкеге чыгып алуу жана жол эрежелерин сактабаганы менен кырсыкка кабылышууда. Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын 10 пайызына айдоочулардын алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, ролго отурганы себеп болгон.

Өткөн жылы Кыргызстанда 6 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 900дөн ашуун адам каза тапкан. Тогуз миңге жакыны ар кандай деңгээлде жаракат алган. Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Күнүнө орто эсеп менен автокырсыктардан үч адамдын өмүрү кыйылат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...