Акыркы макалалар

18 жашка толо элек жаш өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды

18 жашка толо элек жаш өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды

18 жашка толо элек жаш өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды. Тийиштүү мыйзамга 22-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов билдирди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык жашы жете электерге саткандарга жана лицензиясы жок соода кылгандарга администрациялык жоопкерчилик күчөтүлөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири ЖК депутаты Азамат Арапбаев жогоруда айтылып өткөн администрациялык жоопкерчиликтин күчөтүлүшү менен жаш өспүрүмдөрдүн ичимдиктерге берилип, жаман жолго түшүп кетүүсүн алдын алабыз дейт.

Ал эми айрым серепчилер бул мыйзам кабыл алынганы менен аны ишке ашыруунун механизми иштелип чыга электигин билдиришүүдө. Коомдук ишмер Рита Карасартованын пикиринде, мыйзам кабыл алуу менен жашы жете элек жарандарды ичимдиктерден коргоп калуу мүмкүн эмес.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013 – жылдын 20 – июнунда кабыл алынган. Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...