Акыркы макалалар

Ош шаарында жаңы кинотеатр ачылды

Ош шаарында жаңы кинотеатр ачылды

Ош шаарында 3D форматындагы заманбап кинотеатр ачылды. Ал Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун катышуусунда ачылды, — деп билдирди аталган министрликтен.

Жаңы кинотеатр эл аралык стандарттарга туура келет. Анда 524 көрүүчүгө ылайыкталган 4 кинозал бар. Залдардын бардыгында 3D форматындагы заманбап жабдуулар коюлган. Имаратты оңдоого жалпы 54 миллион сом инвестиция тартылган.

Кинематография департаменти 2016-жылы декабрда Түштүк Кореялык «Кино Форум» ЖЧКсы менен «Семетей» кинотеатрынын имаратын 10 жылга ижарага алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...