Акыркы макалалар

БШК Бабановду мандаттан ажыратуу тууралуу арызды четке какты

БШК Бабановду мандаттан ажыратуу тууралуу арызды четке какты

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, 5-июлда жумушчу топ Казакстандын кош жарандыгы бар деген негизде парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун мандатын алууну сунуштаган арызды карады. Жогорку соттун Бабановдун кош жарандыгы жок деген он жыл мурдагы чечими чыкканы, андан башка кайрылуулар болбогону аныкталып, ошонун негизинде арыз канааттандырылган жок.

- Маселе жумушчу топто каралып, анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз жок деген тыянакка келдик. Анткени, 2007-жылы да ушундай териштирүү болуп, Жогорку соттун чечими чыккан. Андан кийин башка чечимдер жок экен. Ошого жумушчу топ арызды канааттандырбады. Жогорку сот ошол кезде Бабановдун башка жарандыгы жок, бир гана Кыргыз Республикасынын жараны деп тапкан экен.

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууга арыз берген он беш адамдын катарындагы Өмүрбек Бабанов бир эле мезгилде казак атуулу деген кабарларды териштирүү, эгер ырасталса, анын мандатын алуу өтүнүчү менен Кыргызстандагы шайлоочулар бирлигинин жетекчиси Бакыт Керимбеков БШКга кайрылган. (NT)

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...