Акыркы макалалар

Сот Текебаевдин адвокаттарынын кезектеги өтүнүчтөрүн четке какты

Сот Текебаевдин адвокаттарынын кезектеги өтүнүчтөрүн четке какты

Өмүрбек Текебаевдин сотунда адвокаттардын кезектеги өтүнүчү четке кагылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Текебаевдин юристи Канатбек Азиз билдирди.

Жактоочулар ишти карап жаткан судья Эрнис уулу Айбекти жана прокурор Жахонгир Ботобаевди четтетүү өтүнүчүн келтиришкен болчу. Муну алар сот мыйзамдарынын бузулушу, судья менен айыптоочу тарап өз ара сүйлөшүп алганы менен негиздешкен.

Судья Эрнис уулу Айбек адвокаттардын бул өтүнүчүн негизсиз деп эсептеди.

"Ата-Мекен" партиясынын башчысы, парламенттеги фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов коррупция боюнча соттолууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...