Акыркы макалалар

“Adidas”, “Reebok” жана “Tango” бренддеринин жасалмаларын Кыргызстанга киргизбөөнү суранышты

“Adidas”, “Reebok” жана “Tango” фирмаларынын өкүлдөрү Кыргызстандын бажы кызматын алардын брендин жасалма жол менен колдонгон товарларды өлкөгө киргизбөөнү суранат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында жарыяланды.

Аталган компаниялар алардын товарынын белгилерин бажы реестрине кошуу боюнча арыз жазышкан.

Эскерте кетсек Мамлекеттик бажы кызматы учурда бул маселени карап жатат.

Ошондой эле, аталган мекеменин сайтында Кыргызстандын бажы кызматы “Adidas”, “Reebok” жана “Tango” брендинин интелектуалдык менчигин коргоо боюнча бардык чараларды көрүүнү убада кылат , жана чек ара аркылуу өтүп жаткан товарларды дыкат көзөмөлгө алат деп жазылат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...