Акыркы макалалар

Абитуриенттердин 55 пайызга жакыны босого чектен өттү

Абитуриенттердин 55 пайызга жакыны босого чектен өттү

Билимди жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдиргендей, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 54,9 пайызы 110 баллдык босого чектен өттү.

Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 5 пайызга жогору. Быйылкы тестирлөөдө эң жогорку көрсөткүч 236 балл болгон.

2016-жылы абитуриенттердин 49 пайыздан ашыгы гана 110 баллдан өткөн болчу.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылы Кыргызстан боюнча 62 миң бүтүрүүчү 11-классты, 92 миң бүтүрүүчү 9-классты аяктады.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...