Акыркы макалалар

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ЧОҢ ШЫРДАК АТ-БАШЫДА ЖАСАЛДЫ

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ЧОҢ ШЫРДАК АТ-БАШЫДА ЖАСАЛДЫ

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды.

Аны элеттик аялдардан турган «Чебер колдор» коомдук бирикмесинин уздары жасаган. Бул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн. «Кийизди даярдоого убакыт аз болгондуктан сатып алууга туура келди. Шырдакты алты бөлүп шырып, акырында кураштырдык. Жасалып бүткөндөн кийин салмагы 300 кг ды түздү. Алты эркек киши араң көтөрүп унаага жүктөштү. Ташууга ыңгайлуу болушу үчүн майда бөлүктөргө бөлүп коёлу десек, буюртма берген ишкер бир жерден жылбай тураарын айтып бүтүн бойдон калтырууну суранды», - деди Аманова. Белгилей кетсек, Нарындын Ат-Башы районунда 28-29-июнда салтка айыланып калган кыргыз шырдагынын VII фестивалы болуп өттү.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...