Акыркы макалалар

Көмүскө ишмердүүлүктү жоюудагы көйгөйлөр

Көмүскө ишмердүүлүктү жоюудагы көйгөйлөр

Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардык мамлекеттик кызматы менен биргеликте шаар боюнча көмүскө ишмердүүлүктү жоюу аракеттери боюнча иш алып барышууда. Базарлардын, кафе-ресторандардын жана соода түйүндөрүнүн иштөөсүн, санитардык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча бир топ маселелер каралып, көмүскөдө иш алып барып жаткан ишканаларга айып пулдар салынды. МСКнын Жалал-Абад шаарык башкармалыгы 2013-жылдын 6ай аралыгында план боюнча 291 млн.990 сом чогулта турган болсо, алар 301 млн. 11 000 сом салык топтогон. Шаар бюджетине пландан ашыкча каражат алып келүү салык посту аркылуу аткарылган. Башкача айтканда жергиликтүү салык кызматкерлери өндүрүү фирмасында отуруп, өз көзөмөлүн жүргүзгөн.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаары боюнча 284 соода түйүнү, 161 коомдук тамактануучу жай жана 16 базар бар. Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу жана оор жүк ташуучу транспортторго рейддер жүргүзүлүүдө.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...