Акыркы макалалар

Өзгөндө жер көчкү адамдарды басып калды

Өзгөндө жер көчкү адамдарды басып калды

Бүгүн эртең менен 7.20 чамасында Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, 11 үйдү басып калды.

Анын ичинен төрт үйдө эч ким жашабайт, ал эми калган жети үйдөгү болжол менен 24 адам көчкү астында калган.

Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 млн м3ду түзгөн.

Кырсык тууралуу такталган соң, кошумча маалымат берилет. Учурда кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, министрдин орун басары Равшан Рысбаев баш болгон куткаруучулар жөнөп кетишти.

Аталган министрликтен кабарлашынча, куткаруучулар ишин баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү баскан аймак жашоочуларына коопсуз жайга көчүү боюнча быйыл март айында эскертүүлөр берилгенин билдирүүдө.

Учурда маалыматтар такталып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...