Акыркы макалалар

УКМК Санкт-Петербургдагы жардырууну Кыргыз өлкөсүндө туулган Орусиянын жараны жасаганын тастыктады

УКМК Санкт-Петербургдагы жардырууну Кыргыз өлкөсүндө туулган Орусиянын жараны жасаганын тастыктады

Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардырууну жасаган жанкечти Орто Азиядан келген", - деп орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Айрым маалыматтарга ылайык, вагондо жардыруучу түзүлүштү иштеткен адам Кыргыз өлкөсүндө туулган өзбек улутундагы Орусиянын жараны Жалилов Акбаржон Акрамжанович (1995-жылы 1-апрелде туулган) болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматты тастыктады. УКМК учурда орусиялык атайын кызматтар менен иштеп, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдиришти.

Буга чейин жардырууну жанкечти-террорист уюштурганын, ал Казакстандын жараны, 1995-жылы туулган Максим Арышев экени айтылган. Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, каза болгондордун арасында Казак жараны болбогонун, сүрөттөгү адам Максим Арышев эмес экенин билдиришкен.

Азыркы тапта "террордук акт" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле жардырууга катыштыгы бар делген эки адамдын издөөгө алынганы белгилүү. Окуядан улам 11 адам каза болуп, 51и жаракат алган. Каза болуп жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары азырынча каттала электигин бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирген.

Булак: Супер-Инфо

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...