Акыркы макалалар

Студенттердин стипендиясы көбөйдү

Кыргыз өкмөтү жогорку жана орто окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин стипендиясын үч эсеге жогорулатты. Бул тууралуу тиешелүү токтомго премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Ага ылайык, стипендия көлөмү 276 сомдон 800 сомго дейре жогорулатылат.

Жакшы жана мыкты бааларга окуган студенттер 720 сом, канааттандыраарлык баага окугандар 500 сом алышат. Мындан сырткары 2-3 жылдан ашуун мыкты окуган жана тамак-аш менен камсыздалган студенттерге 300 сомдон, жакшы жана мыкты бааларга окугандарга 250 сом, жакшы гана бааларга окугандар үчүн 200 сомдон бөлүнөт.

Бул токтом ушул жылдын 1-сентябрынан баштап ишке аша баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин студенттердин стипендиясынын жогорку көлөмү 276 сом болгон.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

12.07.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...