Акыркы макалалар

Ош шаарында таштандылар үчүн жаңы полигон курулат

Мындай чечим депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында кабыл алынды.

Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражаповдун айтымында, таштанды төгүлө турган аймак үчүн 30 гектар жер аянты бөлүнөт. Курулуштун жарымы инвестор тарабынан кайтарымсыз каржыланса, калган жарымы шаардык бийлик тарабынан каржыланат. Долбоор Ош шаарынын мэриясы Европа Өнүктүрүү банкы жана Cowi уюму биргеликте иштелип чыккан.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Шайлообек Атазов билдиргендей, шаарда таштандылар иргелбей, ныкталбай төгүлөт. “Таштандылардан бөлүнүп чыккан химиялык заттар жер кыртышына сиңип жатат. Мындай учурда түрдүү жугуштуу оорулардын кооптуулугу жогору. Полигондун курулушу бизге зарыл»,-деди Ш.Атазов.

Буга чейин Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана ачуу демилгеси көтөрүлүп, каржы булагынын жоктугунан ишке ашпай калган болчу.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

12.07.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...