Акыркы макалалар

Бишкекте алыш күрөшү боюнча Гран-при сериясындагы эл аралык турнир башталды

Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Баяман Эркинбаевдин 50 жылдыгына арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при сериясындагы эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, мелдештерде 8 өлкөдөн (Болгария, Иран, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Сербия, Тажикистан и Өзбекстан) 57 эркек жана 17 аял спортчу болуп жалпысынан 80ге жакын спортчу катышууда. Беттешүүлөр эркектер арасында эркин түрдө 6 салмак категориясында, аялдар арасында классикалык түрдө 5 салмак категориясында өтүп жатат.

Турнир Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигине караштуу улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын жана Кыргызстандын алыш күрөшү федерациясынын жетекчилиги алдында өткөрүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...