Акыркы макалалар

Ат-Башы районуна«өзгөчө кырдаал» киргизилди

Ат-Башы районуна«өзгөчө кырдаал» киргизилди

Ат-Башы районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими жарыяланды. Бул боюнча чечим 15-мартта өткөн облустук Жарандык коргонуунун башкаруу курамы менен кезексиз жыйынында кабыл алынды. Анда райондогу абал талкууланып, протоколдук тапшырмага ылайык Ат-Башы районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирген боюнча бүгүн, 16-мартта Нарын облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын кошумча күчтөрү тийиштүү техникалары менен Ак-Муз, Өзгөрүш айылдарындагы көчөлөрдү, Ак-Муз-Босого-Кынды жана Торугарт-Көк-Кыя-Кынды автоунаа жолдорун ачуу иш-чаралары жүргүзүп баштайт.

Учурда облус башчысы Аманбай Кайыпов облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү менен жеринен уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы районунда жүрөт. Жол ачылаары менен малчылардын 18 оор жүк ташуучу автомашинадагы жүктөлгөн тоюттары Ак-Сайга көздөй жеткирилет.

Эске сала кетсек, 12-14-март күндөрү бурганактаган шамалдын кесепетинен Ак-Муз, Ак-Моюн жана Талды-Суу айыл аймактарындагы автоунаа жолдорунда кар күрткүлөрү пайда болгон. Ошондой эле кардын нормадан ашык жаашы жана катуу шамалдан улам пайда болгон кар күрткүлөрү Ак-Сай өрөөнүнө жол каттамы жабылган. Турак-жайларга жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...