Акыркы макалалар

Геология агенттигинин жетекчиси 2 жылда 5 жолу алмашты

Геология агенттигинин жетекчиси 2 жылда 5 жолу алмашты

Эки жыл аралыгында Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчилери беш жолу алмашкан. Анан да алардын баарына кылмыш иши козголуп, жоопко тартылууда. Бакиевдин учурунда бул кызматты жетектеген Капар Курманалиев лицензияларды мыйзамсыз бергендиги үчүн сырттан соттолду. Ал апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Өмүрбек Бабанов премьер болуп турганда 3 жетекчи алмашкан. Кийин Жантөрө Сатыбалдиев бул кызматка Ишенбай Чунуевду дайындады. Бирок ал да көп узабай бошотулду. Учурда Акылбек Маралбаев агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп турат. Бирок агенттикти биротоло жетектөөгө макулдугун бере элек. Эксперттер Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жетекчилеринин тез-тез алмашуусун кирешелүү тармакка кызыккандардын көп экендиги менен байланыштырат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...