
5-июль күнү Алмазбек Атамбаев “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, 2014-жылдын сентябрь айынан баштап жогорку окуу жайлардын бир бөлүгү өзүн өзү каржылоого өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз катчысы Алмазбек Усупов билдирди. Серепчилердин айтымында, өлкө башчысы жактырган мыйзам долбоорунун бир канча артыкчылыктары бар. Университеттер өзүн өзү каржылоого өтсө, өлкө казынасына жеңилдиктер болот. Анткени менен, бул маселе жогорку окуу жайлардын каршылыгын жаратып жатат. Эгер бул мыйзам күчүнө кире турган болсо, университеттерди салыктан бошотуу керек деген талап коюшууда.
Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...