Акыркы макалалар

Сапар Исаковду кызматтан жогорулатуу саясаты

Сапар Исаковду кызматтан жогорулатуу саясаты

Узак убакыт бою мамлекет башчынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген Исаков бийликтин атынан президенттик шайлоого барышы мүмкүн деген кептер айтылып келет.

Сапар Исаков кызматынан жогорулап президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 1-мартта кол койду. Ал эми жогорудагы кызматты аркалаган Фарид Ниязовду Атамбаев өзүнө кеңешчи кылды. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп мындан бир ай мурун эле дайындалган Исаковдун тез-тез кызмат алмаштыруусу кеңири талкууланып жатат. Анын үстүнө президенттин аппаратындагы кадрдык өзгөрүүлөр Орусия Президенти Владимир Путиндин сапарынан кийин орун алды. Ушундан улам муну Путиндин визити менен байланыштыргандар көп. «Ата Журт» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев Исаковдун кызматтык өсүшү Кыргызстандын ички маселеси экенин белгилеп, аны мыкты кадр деп сыпаттады:

— Бизде ушундай жаман адат бар. Өлкөгө бирөө келсе эле «президент ал менен кеңешти, ошол аркылуу маселе чечилет экен» деген. Андай болушу мүмкүн эмес. Кыргызстан эгемендүү өз алдынча мамлекет болгондон кийин өз тагдырын өзү чечиш керек. Ал эми Сапар Исаковдун кызматтык жогорулоосу боюнча айтсам ал жигит өзү иш билги, жөнөкөй, кичипейил жигит. Мен аны бери дегенде эле 10 жылдан бери билем. Мени менен дагы көп иштешип калды.

Узак убакыт бою мамлекет башчынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген Исаков бийликтин атынан президенттик шайлоого барышы мүмкүн деген кептер айтылып келет. Аны мамлекет башчы өзү дагы «оң колу» экенин жарыялаган эле. Путиндин Кыргызстанга болгон 28-февралдагы сапары учурунда Атамбаев Кыргызстандын атка минерлерин Орусия президентине тааныштырып жатып «Бул Исаков сиз жакшы тааныйсыз» деп башкалардан өзгөчө тааныштырды. Шакиев Исаков иш билги адам болгону менен жоопту кызматтарды аркалап көрбөгөнүн, андыктан президент болууга эрте деген ойдо:

— Президенттике ылайыктуулугу боюнча айта турган болсок азырынча Сапарга (Исаков) эрте болуш керек. Себеби ал бир дагы жолу чоң мекемени же ведомствоны жетектеп көргөн эмес. Жалаң эле аппаратта иштеп келетат. Андыктан министр болуп иштеп көрүп, өзүн көрсөтсө.

Исаковдун президенттик шайлоого катышаары тууралуу маалыматтар былтыр ноябрь айында байма-бай айтылган. Айрым басылмалар ал жаңы өкмөттүн курамы менен биринчи вице-премьер-министрликке келээрин, бул анын ажолук жарышка болгон даярдыгы экенин жазышкан. Алмазбек Атамбаевдин өткөн айдагы Европага сапары астында Сапар Исаков журналистерге маалымат жыйын өткөргөн эле. ММК өкүлдөрүнүн Исаковго президенттик шайлоого бараары тууралуу берген суроосуна мындайча жооп берген:

— Билесиздерби бул маселе күн тартибинде такыр жок. Бүгүнкү маалымат жыйынына дагы тиешелүү эмес. Бирок эми суроо берилип калгандан кийин мен сиздерге ачык айтып берейин. Бул боюнча азыр эч нерсе билбейм.

Атамбаев өткөн жылдын октябрь айында Исаковду II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Өлкө башчы анын улуттук кызыкчылыктарды коргоодогу президентке көрсөткөн жардамын жогору баалаган. Кыргызстанда эки ирет болгон «Көчмөндөр оюндарын» өткөрүүдөгү негизги жүктөрдүн бири Исаковго жүктөлүп, андагы каржылык чырларга дагы аты аралашкан жайы бар. «Ата Мекен» фракциясы бул иш чаралар жеке Исаковдун көрсөтмөсү менен өткөнүн жана эсепсиз чыгымдар коротулганын сынга алган.

Бирок Исаковго көпчүлүктүн көзү түз экени айтылууда. Экс-депутат Курманбек Осмонов Исаковдун кызмат алмаштыруусунда саясат жок экенин билдирип буларга токтолду:

— Президенттик аппарат болобу, өкмөттүн аппаратыбы же жөн гана мамлекеттик орган болобу ар дайым кадрдык өзгөрүүлөр болуп турат. Азыр эле эми учурдагы иштерди президенттик шайлоого байланыштырып салсак туура эмес болуп калат. Сапар Исаков болсо көптөн бери иштешип келетат. Менин билишиме, угушума караганда иш билги жигит көрүнөт.

40 жаштагы Сапар Исаков 1999-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктаган. Аталган университетте 2003-жылга чейин окутуучу болуп иштеген. Андан соң Тышкы иштер министрлигинде, 2007-2009-жылдары өкмөттүн аппаратында кызмат кылган. 2010-жылдан тарта президенттин аппаратында иштеп келет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...