Акыркы макалалар

«НО» япон беткап театры Туңгуч театрына өздөрүнүн бекер концертине чакырат

«НО» япон беткап театры Туңгуч театрына өздөрүнүн бекер концертине чакырат

18-февралда «НО» япон беткап театры Бишкектин тургундарын жана меймандарын Туңгуч театрына өздөрүнүн бекер концертине чакырат. Бул тууралуу КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Театрлаштырылган оюн ЮНЕСКОнун “Материалдык эмес маданий мурасынын” көрүнүктүү артисти, сценикалык искусство чебери Нобору Кацуминин катышуусунда өтөт.

Иш-чарада “Жүрөктөн жүрөккө гүл”, “НО дүйнөсүнө чакырык” фильмдери көрсөтүлүп, «Макигину», «Цучигумо» пьеасалары коюлат. Иш-чара 18.00дө башталат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...