Акыркы макалалар

Авиакырсыктан жабыркагандарга пенсионер 20 миң сом пенсиясын берди

Авиакырсыктан жабыркагандарга пенсионер 20 миң сом пенсиясын берди

Казиева жалпы элдин башына түшкөн оор күндөрү элди бөлүп-жарууга аракет кылган адамдардын бар экенине кабатырланат.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери, 70 жаштагы пенсионер Бермет Казиева авиакырсыктан жабыркагандарга өзүнүн 20 миң сом өлчөмүндөгү пенсиясын бергендигин окуу жайдын маалымат катчысы Абилилла Пазылов билдирди.

"Өзүм Кочкор районунун алыскы айылдарынын биринде жетим болуп чоңойгом. Ата-энесиз калган баланын кайгысын өз башыман кечиргем. Ошондуктан кырсыктан жабыр тарткан адамдардын ден-соолугу жакшырып, аманчылыкта болушун тилейм", — деди Казиева.

Пазыловдун айтымында, Казиева ошондой эле жалпы элдин башына түшкөн оор күндөрү элди бөлүп-жарууга аракет кылган адамдардын бар экенине кабатырланат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...