Акыркы макалалар

Ышталган, туздалган балыктардан сак болгула

Жай саратан убагы келип, эс алууну сүйгөндөр жол жээктерде сатылган ышталган, кургатылган, туздалган балыктарды сатып алышат. Бир караганда табитти ачып, өзүнө тартып турган, жыты буруксуган мындай азыктар организм үчүн өтө коркунучтуу болушу мүмкүн. Бул балыктарда кездешүүчү описторхоз мите курттары тарабынан пайда болуучу оору.

МИТЕЛЕР КАНТИП ТАРКАЛАТ?

Описторхоз – трематодоз тобундагы айрыкча өт жолдорун жана ашказан алдындагы безди жабыркатуучу гельминтоз мителери. Бул мителер адамдын же балык жеген жаныбарлар – мышык, ит, түлкү ж.б. жандыктардын ички өт жолдорунда жана ашказан алдындагы бездин каналдарында өрчүп, ичегиге өтөт. Ал жерден заң аркылуу курчап турган айлана-чөйрөгө таркалат. Митеге чалдыккан балыкты жеген учурда ашказан жана ичегиде анын жумурткалары кабыгынан бошоп, жалпы өт каналы аркылуу активдүү жүрө баштайт.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Курч кармаган баскычында ички органдарды жабыркатат, өнөкөт түрүндө ашказан, уйку безинин оорусу, жалпы аллергиялык көрүнүштөр менен коштолот. Оорунун жеңил түрүндө бейтаптын денеси калтырап, денесинин табы 38-38,5 градуска чейин көтөрүлүп, ал 1-2 жумага чейин кармалып турат. Орто оордуктагы түрүндө температура 39-39,5 градуска жетет, айрым учурдагы териге кызарган тактар чыгат. Ал эми оор формасында дене 39-40 градуска чейин ысып, организм жалпы ууланып, уйку качат, жөөлүйт. Териге көптөгөн бүдүрлөр чыгат. Конъюнктивит пайда болуп, жогорку дем алуу жактарында астма бронхитине окшош белгилер байкалат. Жүрөктүн иштеши начарлайт.

Бул ооруга чалдыккандарда адатта оң жак кабыргасынын алды оорутуп, боор, өт чоңоёт. Ал эми гастроэнтеритикалык вариантында ашказан туш ооруп, айрым учурда приступ сыяктуу катуу кармайт, зарына болуп, көңүл айныйт. Өзгөчө ичеги жабыркаганда ич ооруп, өтө баштайт.

Описторхоздун өнөкөт түрү өнөкөт холецистит же болбосо өттүн оорусунун белгилерине окшойт. Ириңдүү холецистит жана перитонит өөрчүгөндө абал оорлошу мүмкүн.

АЛДЫН АЛУУ

Тамак-аш рационунан азыраак туздалган жана жетишерлик түрдө термикалык иштетүүдөн өтпөгөн карп түркүмүндөгү балыктарды алып салуу зарыл. Ошондой эле айлана-чөйрөнү адам жана жаныбарлардын заңдарынан, балыктын калдыктарынан тазалап туруу мындай оорунун алдын алууга жардам берет. Бул үчүн калкты гигиеналык жактан тарбиялоо, маалымат берүү маанилүү.

Аймира Мендеева

05.07.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...