Акыркы макалалар

Кыргыз волейболчулары Азия аймактык чемпиондугунун финалында ойнойт

Кыргыз волейболчулары Азия аймактык чемпиондугунун финалында ойнойт

Команда ушул күндөрү Бангладеште өтүп жаткан Азиянын аймактык чемпиондугунун финалдык таймашына чыкты. Волейбол боюнча федерациянын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Кыргызстандын командасы 26-декабрда тайпалык мелдештин жыйынтыктоочу бешинчи турунда Непал курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алды. Натыйжада 11 упай топтоп турнирдик таблицада биринчи орунга ээ болду.

Бүгүн, 27-декабрда Бангладеш командасы менен алтын байге үчүн таймашат. Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы төрт оюнда төрт жолу жеңишке жетти. Төртүнчү турда беш саатка созулган оюнда бангладештиктердин үстүнөн жеңишке жетти. Ага чейин Ооганстан курамасын 3:1, Мальдив оюнчуларын 0:3 эсебинде жеңген. Волейбол боюнча Азия аймактык чемпиондугуна (борбордук бөлүк) Бангладеш, Мальдив аралдары, Ооганстан, Непал жана Кыргызстандын командалары катышууда. Тайпалык мелдештердин жыйынтыгында алгачкы эки орунду алган командалар биринчи орун үчүн таймашса, кийинки командалар коло байге үчүн ойношот. 3-орун үчүн Мальдив аралдары менен Непал курамалары беттешет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...