Акыркы макалалар

Исаков: кыргыз-өзбек чек ара көйгөйү чечилет

Исаков: кыргыз-өзбек чек ара көйгөйү чечилет

Президенттик Аппараттынын тышкы саятсат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёевдин 24-декабрда Самарканддагы жолугушуусунда чек ара маселеси талкууланды.

«Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар бул маселенин үстүндө иштөө тапшырмасын алышты. 2017-жылдын январынын ортосуна чейин чек араны тактоо боюнча тараптар бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт».

Эки мамлекеттин өкмөттүк жумушчу тобу быйыл августтан бери беш ирет жолугуп, чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун талкуулашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы тактала элек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...